Өлкөдө коронавирус катталгандан бери жалпы 243 миллион доллар каражат жардам иретинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 15-майда, Республикалык штабдагы брифингде айтты.
«Чек аралар жабылып, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаалдан улам ишканалар жабылып, экономика зыянга учурады. Бюджетке пландалган суммадагы каражат түшпөй калды. Импорттун 70 пайызы Кытайдан келчү, чек аранын жабылышы ички өндүрүшкө дагы таасир этти.
Мамлекеттик бюджетке өзгөртүүлөр киргизилет. Ички дүң продукциянын өндүрүшү кыскарат. Буга байланыштуу чыгашалар дагы кыскартылууга тийиш. Мисалы иш сапарларга баруулар, унааларды сатып алуулар кыскартылат. Ал эми жөлөк пул, пенсиялар, социалдык төлөмдөр мурдагыдай эле көлөмдө берилет», — деди Асрандиев.