Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген дагы үч кызматкерден коронавирус табылды. Бул тууралуу 20-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ал буга чейин ушул эле колонияда төрт кызматкерден вирус табылганын, жаңы катталган үчөө ошолор боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында аныкталганын айтты:
«Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги контактта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат».
Буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында иштеген бир кызматкерден коронавирус чыккан, аны менен контактта болгондордун саны 13 адам экени айтылган.