Бишкек менен Нарында коронавирус боюнча абал курч болууда

Автор -

Бүгүнкү күнү Бишкек шаары менен Нарын облусунда коронавирус боюнча көрсөткүчтөр бийик болуп жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 29-майда, брифинг учурунда билдирди.

«Бишкек шаарында коронавирустун бир нече очогу катталды. Алардын ичинде медицина мекемелери: онкологиялык борбор, жугуштуу оорулар ооруканасынын ичинде вирустун очоктору чыккандактан, ооругандардын саны көбүрөөк болду. Нарын облусунда облустук оорукананын ичине инфекция киргизип алышты. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин арасынан чыкты. Андан сырткары дагы бир нече тобу менен жугузгандар болуп кетти. Бул эпидемиологиялык абалды курчутуп койду», -деди аткаминер.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны — 484 адам;
Нарын облусунда — 314;
Чүй -263;
Ош облусу — 217;
Ош шаары — 179;
Жалал-Абад облусу — 162;
Баткен облусу — 29;
Ысык-Көл облусу — 14;
Талас облусу — 0.