Үй камагына чыгарылган Рузиев ооруканага жатып калды

Автор -

Укук коргоочу Камил Рузиев ооруканага жатып калды. Бул тууралуу анын баласы маалымдады, деп жазат 24.kg агенттиги.

Уулунун айтымында, укук коргоочунун кан басымы көтөрүлүп кеткен.

«Атам стресстен жана ачкалыктан улам кечээ кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып калды. Ал азыр Ысык-Көл облустук ооруканасында. Эртең УКМК тарабынан атама байланыштуу бир нече соттук териштирүү иштери болмок», — деп билдирген  ал агенттикке.

Эске сала кетсек, 29-майда УКМКнын кызматкерлери «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, укук коргоочу Камил Рузиевди Караколдон кармашкан.

Мекеме ал документтерди жасалгалоо фактысы боюнча шектелип жатканын билдирген.

Ал эми 31-майда Каракол шаарынын соту Камил Рузиевди үй камагына бошоткон.