Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-июнда билдирди.
• Бишкек ш. – 5
• Чүй облусунда – 1
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Нарын облусунда – 3
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 474 учур катталды, алардын ичинен 359 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.