Баткенде коронавируска чалдыккан жаран ооруканадан качып кетип, эртеси үйүндө каза болуп калды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-июль күнү Баткен шаарынын 56 жаштагы Ш.Б. аттуу тургуну Бишкектен барган. Андан тест алынып, анализдын жыйынтыгы менен кишиде илдет бар экени тастыкталган. Жаранды дароо жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырышкан.
7-июль күнү Ш.Б. дарыланып жаткан жеринен качып кеткен. Бул маалымат Баткен шаардык милициясына катталып, окуя болгон жерге барган милиция жана медицина кызматкерлерине оорулуу адам ооруканага жатпай турганын билдирип, келген топтун бир канча эскертүүсүнө баш ийгиси келген эмес. Медицина кызматкерлери айласы кеткендиктен үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келип оорулууну үйүндө калтырып коюшкан. Оорулуу 8-июль күнү үйүндө каза болгон.