Июлда медиктерге кенемте төлөө үчүн 430 млн сом бөлүндү

Автор -

Республикалык бюджет июль айында медицина кызматкерлерине компенсация катары 430 млн сом бөлдү. Анын 400 миллиону Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, калган 30 миллиону Саламаттык сактоо министрлигине берилди.

Бул бөлүнгөн каражаттын ичинен 29-июль күнү саламаттык сактоо уюмдарына 225 млн сом төлөнүп берилди, анын ичинде:
— Бишкек ш.— 58733,8 миң сом;
— Чүй облусу — 37278,7 миң сом;
— Ош облусу жана Ош ш.— 34110,8 миң сом;
— Баткен облусу — 13054,9 миң сом;
— Жалал-Абад облусу – 28871,0 миң сом;
— Нарын облусу — 14904,8 миң сом;
— Ысык-Көл облусу — 24879,2 миң сом;
— Талас облусу — 13165,9 миң сом.

«Бул сумма саламаттык сактоо уюмдарынын болжолдуу эсептөөлөрүнө жараша төлөнүп берилди, компенсациялык төлөөлөрдү жүргүзүү үчүн бардык табелдер жана саламаттык сактоо уюмдарынын эсептешүү ведомосттору даярдалган эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул зарыл болгон сумманын 55-60% түзөт», — деп айтылат маалыматта.

30-июлда саламаттык сактоо уюмдарына инфекциянын очокторунда иштеген медицина кызматкерлерине бардык төлөмдөрдү ыкчам жана толук төлөө үчүн дагы 171, 6 млн сом төлөп берүү пландалууда. Кошумча төлөмдөрдү өлкө боюнча 14 миңге жакын медициналык кызматкерлер алышат.

Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген 230 саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине июль айында Социалдык фондго кепилденген айлык маянадан жана чегерүүлөрдөн 851,7 млн сом өлчөмүндө каражат төлөндү.