«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул — Бишкек — Стамбул каттамы боюнча авиарейсин жандантат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, каттамдар жумасына эки жолу жүргүзүлүп турмакчы.
Бирок, Стамбул — Бишкек каттамы боюнча учууга Кыргызстандын жарандарына гана уруксат берилет, чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде түрк жарандарынын кирүүсүнө бир катар учурлардан тышкары, жалпысынан тыюу салынат.
Атап айтканда, өзгөчө шарттар төмөнкүлөргө тиешелүү:
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн суроо-талабы колдонулган чет мамлекеттердин жарандары (атап айтканда, W1 жана W2 визаларынын ээлери);
- чет мамлекеттердин жарандары болуп саналган расмий делегациянын мүчөлөрү;
- Кыргызстанда иштөө визасы бар чет өлкөлүк жарандар;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары болгон чет өлкөлүк жарандар;
- жүк ташуучулар;
- учкучтар жана айдоочулар.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын жарандары өлкөгө кириши үчүн ПЦР тесттин кереги жок. Алар Түркияга келгенде, карантинге алынбайт.