Тилек Токтогазиев: Үч партия документ тапшырууда эреже бузду

Автор -

«Ата Мекен» саясий партиясынын катарында шайлоого аттанган Тилек Токтогазиев 3 партия БШКга документтерди тапшыруу учурунда эреже бузду деген ойдо. Бул туурасында ал соцтармактагы баракчасында билдирди.

Кеп «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары тууралуу болууда. Токтогазиевдин айтымында, бул 3 саясий уюм шайлоого катышуудан четтетилиши керек.

Активист «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» атынан журнал толтурган өкүлдөрдүн кол тамгасы менен кол жазмасы абдан окшош экенин белгилейт.

«Бул эки партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып, паспортун карап, кол тамгаларын салыштырыш керек. Эгерде кол тамга алардыкына окшобосо, Конституциялык мыйзамдын 61-беренесине ылайык, бул эки партия шайлоого катыша албайт», — деди Токтогазиев.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү каттоо журналына кол койгон да эмес.

«Демек, бул партия дагы ат салышуудан четтетилиши керек», — дейт ал.