Соңку суткада 1 адам каза таап, 87 киши оору жугузуп алды

Автор -

Акыркы суткада коронавирустун жаңы 87 учуру катталып, оорудан Талас облусунун бир тургуну каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы катталган учурлар:

  • Бишкек — 27
  • Ош – 2
  • Чүй облусу  – 8
  • Ош облусу  — 11
  • Талас облусу — 2
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 13
  • Баткен облусу — 17.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44 миң 613кө жетти. Алардын 40 миң 336сы айыгып чыкты. Учурда стационарда 535 бейтап, үй шартында 2373 бейтап дарыланууда. 1063 адам илдеттен каза тапты.