Бишкекте жана Чүйдө сасык тумоого каршы эмдөө башталат

Автор -

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 16-сентябрдан тарта сасык тумоого каршы  эмдөө башталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, боло турган эпидемиялык мезгилди жана коронавирус менен байланышкан пандемияны эске алуу менен, алдыдагы эпидемиялык мезгилде республиканын калкынын арасында сасык тумоонун кабылдоосунун жана өлүмүнүн алдын алуу максатында, Саламаттыкты сактоо министрлиги пландаштырган жана борборлоштурулган иш-чаралардын эсебинен сасык тумоого каршы эмдөөнүн 119,663 дозасынын биринчи партиясын сатып алган.

«Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылууда, эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жана бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат», — деди министр.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерге жүргүзүлөт.

Вакцинанын экинчи партиясын, 700 миң дозаны алуу,  21-сентябрдан кийин чечилет.

Ал эми вакцинаны алуунун үчүнчү этабы 27-октябрдан 1-ноябрга чейин күтүлүүдө, анда 70 миң доза вакцина алынып келинет. Профилактикалык эмдөө менен камтуу республиканын калкынын 13% түзөт.

ҮМБ, ҮДТ, СПС жана ФАПтын медициналык кызматкерлери тобокел топко кирген адамдарды чакырып, эмдөөнү ыктыярдуу жана акысыз жүргүзүшөт.

Белгилей кетсек, профилактикалык эмдөө баардыгына жасалат, бирок сатылып алынган вакцина баардыгын камтый албашы мүмкүн, ошондуктан жеке медициналык борборлордо профилактикалык эмдөөнү уюштурууну күчөтүү чаралары көрүлүп жатат. Ушуга байланыштуу, лицензиясы бар жеке медициналык борборлорго сасык тумоого каршы вакцина алуу үчүн акы төлөнгөн учурда, сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүүгө уруксат берилет.