БШКга үгүт маалындагы мыйзам бузуулар боюнча 86 арыз түштү

Автор -
251

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобу 2-октябрда жыйынга чогулду.

Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да кирген координациялык топтун жыйынында шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланышкан маселе талкууланды.

Жыйында белгилүү болгондой, 1-октябрга караганда мыйзам бузууларга байланыштуу 86 кайрылуу БШКга түшүп, электрондук реестрге катталды. Анын кыркы Кылмыш кодексинин 192-беренеси (Шайлоочулардын добушун сатып алуу), тогузу 195-берене (Шайлоо документтерин бурмалоо), бирөө 191-берене (Шайлоо укугуна тоскоолдук кылуу) менен байланыштуу.

Ал эми 27си Жоруктар кодексинин 87-1 беренеси (Административдик ресурс колдонуу), сегизи 44-берене (Үгүт шартын бузуу), бирөө Бузуулар кодексинин 119-беренеси менен катталган.

120 орундуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.