Кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Убакыттагы айырмадан улам акыркы шайлоо тилкеси (Вашингтон) бүгүн эртең мененки саат 6:00дө жабылды. Саат 9:00гө карата 2 475 шайлоо участогунун 2 429унда бюллетендер саналып бүттү.
Алдын-ала маалымат боюнча, парламентке төрт партия өттү: «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан». Дагы бир партия — «Мекенчил» — 6,85% добуш алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бюллетендер колго эсептелип бүткөндөн кийин түзүлгөн протоколдор аймактык шайлоо комиссияларына жеткирилиши керек.
Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо тилкелеринен келген маалыматтарды топтойт жана арыз-кайрылууларды кабыл алат.
Андан кийин ар бир аймактык шайлоо комиссиясы эки жумадан кечиктирбестен өзүнүн аймагындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол жана жыйынтык жадыбалын БШКга тапшырышы керек. Андан соң БШК 20 күн ичинде шайлоо жыйынтыгын жарыялайт.