Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту бүгүн, 12-октябрда убактылуу жабылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, муну Кытай тарап демилгелеген жана аба ырайынын кескин начарлашы менен түшүндүргөн. Буга байланыштуу бүгүн чек арадан жүктөр убактылуу өткөрүлбөйт.
Ал эми «Эркештам-автожол» өткөрүү пункту мурунку режимде өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат, ал алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга товар киргизсе болот.