Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
«Мындай чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды», — дешет өкмөттөн.