БШК: Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтүшү мүмкүн

Автор -
205

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрга белгилениши ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин отставкасы боюнча маселе каралган учурда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Парламенттик кайра шайлоону БШК дайындайт. Ал дайындалган күндөн тартып эки ай ичинде өтүшү керек», — деген Шайлдабекова Боршайком кайра шайлоону 20-декабрга дайындоону максаттап жатканын айтты.

БШКнын төрайымы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып конституциялык мыйзам боюнча учурда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты.

«Мөөнөтүнөн мурда боло турган президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш дайындайт. Кеңешме жүргүзүлөт. Мыйзамдарда чектөө жок. Бирок ал кеңешме аркылуу чечилиши керек. Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо үч ай аралыгында өтүүгө тийиш. Эки субъект дайындайт, ошолор кеңешип чечет», — деди Шайлдабекова.

Мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөнгө чейин азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет.