Жогорку сот: Садыр Жапаровдун талапкер катары катталышы мыйзамдуу

Автор -

Жогорку сот президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровду талапкер кылып каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузган эмес деп эсептейт. Бүгүн, 23-декабрда Жогорку сот Бишкектин административдик сотунун президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын канааттандыруудан баш тарткан чечимин күчүндө калтырды. Бул туурасында «Азаттык» жазды.

Сооронкулова Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну өтүнүп административдик сотко 15-декабрда кайрылган, сот 18-декабрда бул арызды канааттандыруудан баш тарткан.

Сооронкулова шайлоо күнү Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда белгиленгенин, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп, үгүт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болгонун белгилеген.

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 24-октябрда дайындаган. Жапаров 14-ноябрда кызматын тапшырып, талапкер болуп катталууга арыз берген.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда шайлоо мыйзамын бузбаганын айткан.

10-январда өтчү президенттик шайлоого 18 талапкер катышып жатат. Алардын арасында бир аял — Клара Сооронкулова бар.