COVID-19 сутка ичинде дагы 3 адамдын өмүрүн алды

Автор -

COVID-19 илдетинен бир суткада 3 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, илдеттен Бишкек шаарында дарыланып жаткан 2, Ысык-Көл олбсунда 1 бейтап каза болгон.

2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда коронавирус илдетин 82 миң 495 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 78 181 адам айыгып чыкты. 1374 адам каза тапты.