Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду

Автор -

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал экөө тең Бишкек шаарында дарыланып жатышкан.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жана вирустук пневмонияга чалдыккандардын саны 85 171 адамга жетти. Алардын ичинен 81 825 адам айыгып чыкты. 1433 киши каза тапты.