Бишкек мэриясына жаңы жетекчи дайындалды. Ал ким?

Автор -
201

Бишкек шаарына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул чечимге премьер-министр Улукбек Марипов  кол койгон. Улукбек Мариповдун башка чечими менен Нургазиев Эрмек Белековичти Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу чечим жокко чыгарылды.

Жаңы дайындалган мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов 58 жашта. Ал Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айылынан. Буга чейин аталган райондо аким, Чүй облусунда өкмөттүн өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 54-катарда болгон.