Экс-муфтийдин тарапташтары аны үй камагына чыгарууну талап кылышты

Автор -

Кыргызстандын мурунку муфтийи Максат ажы Токтомушевди колдоп митингге чыккандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, аны үй камагына чыгарууну суранышты.

Бүгүн, 11-февралда УКМКнын имаратынын алдында экс-муфтийдин жүзгө жакын тарапташы чогулду. Алар Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөөнү жана үй камагына бошотууну талап кылышууда. Айтымдарында, экс-муфтийге жалган жалаа жабылып жатышы мүмкүн.

«Муфтийдин эл арасында өзүнүн сый-урматы бар. Ага мындай иш жарашпайт эле. Бул куру доомат деп эсептейбиз. Биздин басып алуу, башаламандык уюштуруу ниетибиз жок. Болгону Азирети муфтийди үй камагына чыгарып, бул ишти адилеттүү карап беришсин, эгер муфтийдин айыбы болсо, анда башы менен жооп берсин», — дешти чогулгандар.

Эскерте кетсек, кечээ УКМК Муфтият ажылыкка деп чогулган каражатты процентке берип айлантып жүргөнү аныкталганын жарыялаган. Бул билдирүүдөн кийин Максат ажы Токтомушев кызматтан өз эрки менен кеткени белгилүү болгон. Кечинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы аны кылмышка шектүү катары кармаганы маалымдалган.