БУУнун дүйнөлүк туризм уюмунун башкы катчысы Талеб Рифалдын айтымында, Швейцария туристтик жактан өнүккөн мамлекет.
“Алар 100 жылдан бери туризмди өнүктүрүү жолунда иштешет. Жыл бою туристтерди кабыл алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Туристтерди тарта турган бренди күчтүү өнүккөн. Кыргызстан дүйнөгө таанылса, Швейцариядан айырмасы жок”, — деди ал.
Ошондой эле, Рифал туризм тармагын кеңейтип, өзүнчө бир мамлекеттик агенттик же министрлик түзүү зарыл экенин баса белгиледи.
Ал эми туризм департаментинин директорунун орун басары Азамат Жунусовдун айтымында, аймактарда бул багытта иштеген кызматкерлер жок.
“Атайын кеңейтилген мекеме ачылса жакшы болмок. Бул тармакта биздин департаментте 10 адам иштейт. Аймактардан дагы кызматкерлер алынса, туризмди өнүктүрүүгө жол ачылмак”, — дейт Жунусов.






























