Акчалай жардам ай сайын берилип турат. Жөлөк пулду апрель, март жана июнь окуяларында көз жумган жана жабыр тарткан үй-бүлөлөр алышат.
2010–жылдагы кайгылуу окуяда жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет колдоо катары 3000 сомдон пособия чектеп берди.
Жөлөк пулду алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 630ду түзсө, алардын ичинен 162 үй-бүлө Апрель революциясында жапа чеккендер. Ошондой эле, мамлекет 2010-жылдын апрель, март жана июнь окуясында жабыр тарткандарга 869 батир бөлгөн.