«ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоорун Рыспаев Орусиядан көчүрүп алганын Жанар Акаев билдирди.
Рыспаев баш мыйзамды жазып жатканда Өмүрбек Текебаев да эл аралык тажрыйбаларга таянып жазганын айтты.
“Бир чет элдик келип, 100 % каналды сатып алып өзүнүн динин, өзүнүн саясатын жүргүзбөш керек. Ошон үчүн 65 % кыргыздын жарандарына берип, чет элдиктерге 35 % беребиз. Улуттун коопсуздугун сактайм деген патриот бул мыйзам долбоорду колдойт”, — деди депутат.
ЖКда аталган мыйзам долбоор талкууланып жатат.