Ал үчүн атайын стандарттарды иштеп чыгып, бекитүү керек болот. ЖК депутаттары мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамга атайын өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура көрүшүүдө.
Өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоорунда бүгүнкү күндө мамлекеттик символика боюнча эталондор жок экендиги айтылат. Алсак, мамлекеттик символиканы колдонууда, бирдиктүү талаптар жана дизайн эске алынбастан, көптөгөн ар түрдүү варианттарды пайдаланууга жол берилет.
“Мамлекеттик символиканын бир түрдүү болуусунун зарылчылыгын эске алып, символиканын техникалык параметрлерин кеңири сүрөттөгөн «Мамлекеттик символиканын эталондору тууралуу» укук ченемдик документти кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу сунуш киргизилүүдө”, — деп документте жазылган.
Депутаттардын пикиринде, желек жана гербдин спецификасын бекитүү укугун өкмөткө ыйгаруу керек. “Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу менен эч кандай социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык же башка кесепеттер келип чыкпайт”, — дейт алар.