Ал 2006-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Казакстандагы “Арыс” темир жол бекетинде полиция кызматкерлери өздүгүн тактоо үчүн бир кишини кармашкан. Текшере келгенде ал 2006-жылдын 29-апрелинен бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү аныкталды.
Кармалган кишиге карата Кыргызстандын кылмыш кодексинин 366-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал камакта турат. Казак тарап Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин чечүүдө.
Булак: tengrinews.kz