Кай бир өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп, өнүгүп жатса, кай биринде согуш оту алоолонуп турат. Жер, суу, тоо, бийлик талашуу тынчтыкты бузуп эки тарапты араздаштырып келет. Анын арты согушка чейин жетип, жаңжалы токтобогон бир нече аймактар бар.
Палестина: ХХ кылымдын башында еврей эли акрындык менен азыркы Израиль мамлекетинин аймагына көчүп келе баштайт. Көбөйүп олтуруп, 1948-жылы көз карандысыздыгын алган. Палестиндерди тарыхый мекенинен сүрүп олтуруп, аймагын кеңейтип алган. Араб-еврей согушу бир нече жолу болуп, баарында тең палестиндердин жеңилүүсү менен аяктаган. Бүгүнкү күндө да ар күн жаңжал чыгып турган аймак катары белгилүү.
Сирия: Алгач 2011-жылы бийликке оппозиция өкүлдөрү нааразычылык акциясына чыгышкан. Бирок маселе эки тараптын пайдасына тең чечилбестен, кырдаал курчуп олтуруп, жарандык согушка жеткен. 2013-2014-жылдары Сирияда жарандык согуш эң катуу абалда жүргөн. Бийлик менен оппозициядан тышкары бир нече террордук топтор пайда болуп, алар да согушка кирген. Алардын эң коркунучтуусу өздөрүн халифат жарыялаган «Ислам мамлекети» деп аталган экстремисттик топ болуп эсептелет. Бул жарандык согушка бир нече чет элдик мамлекеттер да тартылган. Бийлик менен оппозициянын жакынкы арада тынчтык келишимине жетишкенине карабастан, террордук топтор менен согуш уланып келет.
Тоолуу Карабак: Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал 1988-жылы башталган. Азербайжан аймагындагы этникалык армяндар ээлик кылган Тоолуу Карабак өз автономиясын алууга жетишкен. 1994-жылы тынчтык келишимине жетишкендиктерине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин эң чырдуу аймак болуп, кезек кезеги менен эки тараптуу атышуулар болуп турат.
Фергана: Фергана өрөөнүнө ээлик кылган Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан ортосунда чек ара чырлары токтобой келет. Чечилбеген чек ара каандуу окуяларга чейин жеткирүүдө. 1918-жылы Ферганадагы боштондук үчүн башталган кандуу күрөш, кийин советтик республикалар түзүлгөндөн тарта чек ара талашы катары уланып, ал бүгүнкү күндө абалы абдан оор. Мындан тышкары Ферганадагы анклавдар да чырдын негизги себептери бойдон калууда. Ошондой эле, бир нече жолу улут аралык кагылышуу болуп өткөн.
Кашмир: 1947-48-жылдары Британиялык Индия көз карансыздыкты алгандан кийин экиге бөлүнгөн. Пакистан жана Индия. Кашмир эки өлкөнүн түндүк бөлүгүндө жайгашкан 80%га жакыны мусулмандар түзгөн пуштундар болуп эсептелет. Кашмирди өз жерине алуу үчүн Индия менен Пакистан ортосунда согуш башталып, ал бир нече ирет кайталанган. Азыр да маселе чечилбеген боюнча эки тарап жерди өз аймактары катары эсептейт. Мындан тышкары Кашмирдин чыгыш тарабын Кытай менен Индия да өз ара талашып келет.
Ооганстан: 1978-жылы болуп өткөн бийлик төңкөрүшү жарандык согушка айланган. Эки жылга созулган ар кандай жаңжалдар 1979-жылдын соңунда СССР аскер күчтөрүнүн кириши менен 10 жылга созулган кандуу согуш аламатына айланган. 1989-жылы советтик аскерлер чыгарылган. Бирок ички жарандык согуш токтобостон 1995-жылы оппозициялык Талибандар бийликке келген. 2011-жылы АКШдагы окуялар кайрадан согушка алып келип, бийлик кулатылган да, ордуна жаңы бийлик келген. Бирок ушул күнгө чейин талибан тобу өлкөдө согуштук аракеттерди жүргүзүп келет.
Бенгал чыры (Индия жана Бангладеш): Бенгал булуңунда жайгашкан Бангладеш өлкөсүнүн түндүк тарабында Индия менен чектешкен жер да эң чырдуу аймак катары белгилүү. 1970-жылы көз карандысыздыкка жетишкен Бангладеш коңшу өлкөлөр менен чек арасын тактоодо ар дайым жаңжал чыгып келет. Элдин улутуна жана динине карата ар түрдүү жайгашышы Бангладештин түндүгүндө бир нече анклавдарды пайда кылган. 100дөн ашуун майда анклавдар бир нече жолу кагылышууларды жараткан. Кезек-кезеги менен эки өлкөнүн карамагына тиешелүү болгон бул анклавдар ары кызыктуу ары кайгылуу көрүнүш. Эң көйгөйлүү маселе балдардын билим алуу жана бири—бири менен карым-катнашта терс таасирин тийгизет. 2015-жылы эки өлкө өз ара келишим менен жерлерин алмашып, маселени чечишкен. Бирок нааразычылыктар жок эмес.
Африка жаңжалдары
Камерун жана Нигерия: Бакасси жарым аралы менен Чад көлү боюнча тартыш 1990-жылы согушка чейин жеткирген. Согуш бир нече жылдар бою кандуу кагылышуулар менен коштолгон. 2003-жылы БУУнун чечими менен Камерундун пайдасына чечилгени менен Нигерия өкмөтү чечимди негизсиз деп эсептейт. Ошондуктан майда чатактар орун алып турат.
Мындан тышкары Африканын башка өлкөлөрүндө: Кенияда, Суданда, Сомалиде, Руанда менен Буринди ортосунда, Ливия, Тунис, Сенегалда, Конгодо, Эфиопия менен Эритерия ортосунда тынбай жаңалдар өкүм сүрүп келет.
Украина: 2014-жылы бийлик төңкөрүшүнөн кийин Украинанын чыгышында жайгашкан Луганск жана Донецк облустарындагы жикчил күчтөр өз алдынчалыгын каалап, өкмөт күчтөрү менен согуш башталган. Миңдеген адамдын өмүрүн алган бул жаңжалда эки тарап тең мунаса таба албай келет. Өздөрүн республика деп жарыялаган ДЭР жана ЛЭР башка өлкөлөр тарабынан таанылган эмес. Бир канча тынчтык келишимдерине жетишкендиктерге карабастан, согуш уланып келет.
Ошентип, майда барат чырдуу аймактарды да эске алганда жер жүзүнүн бир бурчунда кагылышуу, кан төгүү тынбай болуп турат. Айрым жаңжалдуу аймактарды эки тарап келишип, тынчтык жолу менен чечишсе, айрым жерлерде чечүү жолу татаалдашып кеткен.