1500 доллар пара: Бишкекте студентинен акча алып жаткан мугалим кармалды  (Видео) 

Автор -
253

Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин мугалими студенттен 1 миң 500 доллар талап кылган, аны пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиришкендей, аталган окуу жайдын студенти арыз менен кайрылган, анын айтуусунда, кафедранын башчысы дипломдук ишин даярдоого жана ийгиликтүү жактоого акча талап кылган.

Ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө 1 миң АКШ долларын алып жаткан кезде Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин ага мугалими К.А., аттуу жаран кармалган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.