Баткенде чек арадагы чыр үчүн тажик тарап кечирим сурады

Автор -
461

Баткен облусунда Тажикстандын аскер кызматкерлери менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, окуя 12-майда Лейлек районунда болду.

Расмий билдирүүгө караганда, автоунаа минген тажикстандык төрт аскер Кыргызстандын аймагына 50 метрдей кирип келип, тургундардын документтерин текшере баштаган. Тургундар буга нааразы болуп, алардын машинесинин ачкычын алып коюшкан.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын аскер жана күч органдарынын кызматкерлери барып, жаңжалды басышкан.

Эки өлкөнүн тийиштүү аскер адамдары маселени талкуулап, тажик тарап кечирим сураган. Алар жаңы келген жоокерлер байкабай коңшу өлкөгө кирип кетишкенин билдиришкен.

Окуя иликтенип жатат. Лейлек райондук күч органдары тактоо иштери үчүн тажик аскерлери минип келген автоунааны алып кетишти. Аймактагы кырдаал Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөлүндө.

 

 

Бөлүшүү