Бишкек: Жеңиш күнүнө карата жабылчу көчөлөр (тизме)

Автор -
0

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгын майрамдоо учурунда борбор калаадагы бир нече көчө жол кыймылы үчүн жабыла турганын ШИИБ билдирди.

Ушу тапта шаар милициясы күчөтүлгөн режимге өттү. Эки миңден ашуун укук коргоо кызматкерлери «Өлбөс полктун» жүрүшү маалында коопсуздукту камсыздап турмакчы.

Жабыла турган көчөлөр:

Масалиев проспектиси Байтик баатыр көчөсүнө чейин;

Байтик баатыр көчөсүнүн Масалиевден Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн Чүй проеспектисинен Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Милиция шаардыктарга жүрө турган багытты алдын ала пландап алууну эскертет.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү
Жеӊиш күнү коопсуздукту жети миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат | SAAT
2018-05-08 15:23:48
[…] Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 73 жылдыгын майрамдоо учурунда борбор калаадагы бир нече көчө жол кыймылы үчүн жабылат. […]