Бишкектеги хореографиялык окуу жайга жаңы директор дайындалды

Автор -
328

Жамиля Туляева Бишкек хореографиялык окуу жайынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Өмүр баян:

Жамиля Туляева  1971 жылы туулган.  Жогорку билимдүү.  Орусияда А.Я.Ваганова атындагы академиялык хореографилык окуу жайында билим алып, балет артисти адистигин алган.  Эл аралык хореографтар союзунун Кыргыз Республикасындагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси   болгон. Бир катар эл аралык сыйлыктардын  ээси.  Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Эске сала кетсек, окуу жайдын буга чейинки директору Э.В.Латыпов өз арызынын негизинде жумуштан бошотулган.

Бөлүшүү