Өкмөт башчы Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барат

Автор -
243

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусуна сапарынын алкагында Өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат, ошондой эле Жалал-Абад шаардык №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Араван-Сай дайрасына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алат.

 

Бөлүшүү