Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды

Автор -
0

Бишкектин экс-мэри жана Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мүлктү камакка алуу ага карата козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматовго 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү