Токтогулда жеӊил унаа оодарылып, 6 адам жабыркады

Автор -
233

Бишкек-Ош жолунда жеӊил унаа оодарылып, 6 адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигининен билдиришкендей, кырсык кечээ, 17-июнда саат 16:50 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында болгон.

«Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четине чыгып, оодарылып кеткен.

Жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

Бөлүшүү