Кыргызстанда салыкчылар 3 айда 4 миңден ашуун мыйзам бузулганын аныктады

Автор -

Салык органдары 2018-жылдын 3 айы ичинде 11 миңден ашык рейддик көзөмөл жүргүзгөн. Текшерүүлөр 8 миң 267 субъектиге жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 4 миң 717 ишкер тийиштүү мыйзамдарды бузгандыгы аныкталды.

«Текшерүүдө уруксат берүүчү документтердин жоктугу (2191), патенттин жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү(438), контролдук-кассалык машиналардын жоктугу(391), чекти бербөө жана урбай коюу(859), акциздик маркалардын жоктугу же туура келбегендиги боюнча мыйзам бузуулар катталган (738)»,-деп жазылат маалыматта.

 

Бөлүшүү