Премьер-министр жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун тургундары менен жолугушту

Автор -

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2017-жылдын 29-апрелиндеги жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун Аюу айылынын тургундары менен жолугушту.

Жер көчкү орун алган соң, Аюу айылынын тургундары Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл жана Ынтымак айылдарына көчүрүлгөн.

Учурда мында электр жарыгын киргизүү, ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана билим берүү обьектилерин жана тийиштүү жол инфраструктурасын куруу иштери жыйынтыкталууда.

Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна жооп берүүдө, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бардык курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү тийиштигин белгиледи.

«Өткөн жылы бул калктуу пункттардын орду бош жаткан. Дээрлик бир жыл ичинде биз мындан аркы жашоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзө алдык. Электр жарыгы өткөрүлүп, таза суу киргизилди, мектеп жана жолдор курулууда. Өкмөт бул маселелерди кечиктирбестен чечүү милдетин коюуда», – деди Премьер-министр жана үстүбүздөгү жылдын август айында аталган айылдарга келүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялаган Жарлыгы алкагында бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чаралар планы бекитилген.

«Аймактарды өнүктүрүү – жалпы мамлекеттин гүлдөп-өнүгүүсүнүн экономикалык негизи. Өкмөт региондордо жашаган жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетин жумшайт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго, Өкмөткө, ошондой эле табийгат кырсыгынын натыйжасында жабыркаган айылдаштарга колдон келген көмөгүн көрсөткөн көңүлкош карабаган бардык жарандарга ыраазычылык билдиришти.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ачы массивинин жана Араван районунун Кең-Сай тилкесинин өздөштүрүлүшүнүн жүрүшү менен таанышты.

Кең-Сай тилкесин көрүүдө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге 30 тилке турак-жай курууга бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат берилди. Мында техникалык жол салынып, суу үчүн резервуарлар даярдалган.

Өкмөт башчы бюджеттик каражаттардын сарпталышына катуу көзөмөл орнотуу менен курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Бөлүшүү