УКМК: Кылмыш иши козголгон Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен

Автор -
284

ЖК депутаты Аскар Шадиев болжолдуу маалымат боюнча Нью-Йорк шаарында жүрөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын жаназасына барып, андан соң Лейлек районундагы Арка айылынын аймагында Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз (суу кечип) кесип өткөн.

«28-апрелде кылмыш иши козголгондон кийин, Шадиев Худжант-Москва (Домодедово) каттамы боюнча учуп кеткен. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:20да Кыргызстандын дипломаттык паспортун колдонуп Нью-Йоркко (АКШ) учкан»,-деп айтылат маалыматта.

Жакын туугандарынын айтымында, Шадиев дарылануу үчүн учуп кеткен жана бир-эки жуманын ичинде келиши керек болчу. Бирок Шадиев тергөө органдарынан жашынууда.

УКМКдан кошумчалашкандай, Аскар Шадиевге издөө жарыяланды.

31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен ага карата баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, кече, 31-майда Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев басма сөз жыйынында Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткен эмес деп билдирген.

Бөлүшүү