Жалал-Абад: 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизат менен кармалды

Автор -
370

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизаты менен кармалды.
ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 51 жаштагы Ю.М. аттуу аялдын үйүнө калыстардын катышуусу менен тинтүү жүргүзгөн.

«Тинтүү учурунда ал жашаган үйдүн ичиндеги шкафтын үстүндө нан бышыруучу мештин ичинде катылып турган, атайын оролгон 0,490 грамм нашаа табылды. Ю.М. буга чейин да баңгизатына байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пункту («Баңгизаттык каражаттарды, психотроптук заттарды башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү») менен кылмыш иши козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.