Кыргыз кино: Кинорежиссер Мирлан Абдыкалыков жаңы тасма тартууга киришти (Фото)

Автор -
302

Кинорежиссер Мирлан Абдыкалыков «Жекшен» деп аталган жаңы тасма тартууга киришти. Бул тууралуу kyrgyzcinema.com агентиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, режиссер жаңы тасмада үй-бүлөнү сактоого жан үрөгөн Жекшен аттуу өспүрүмдүн баяны аркылуу ата-энесиз калып, тагдырдын оор сыноосуна кабылган жаш балдардын көйгөйүн көтөрөт. Тасма Ысык-Көл облусунун Кажы- сай айылында тартылууда.

Тасма тартуучу топ:

Сценарийдин авторлору: Эрнест Абдыжапаров жана Мирлан Абдыкалыков
Коюучу-режиссер: МирланАбдыкалыков
Коюучу-оператор: Талант Акынбеков
Коюучу-сүрөтчү: Адис Сейталиев
Ролдордо: Темирлан Асанкадыров, Руслан Орозакунов, Айнура Качкынбек кызы, Улан Омуралиев, Кубанычбек Бейшенбеков, Жибек Буранова

Эскерте кетсек, Абдыкалыковдун тырмак алды иши «Сүтак» тасмасы «Ника» киносыйлыгы башында турган бир топ эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.