Кыргызстанда жаратылыш газынын баасы кымбаттады

Автор -

Кыргызстанда май айына карата жаратылыш газынын бир метр кубу калк үчүн 14,41 сом деп белгиленди. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, коммерциялык түзүмдөр менен бюджеттик уюмдар үчүн кошумча нарк салыгын эске алганда газдын бир метр кубу 17,66 сом болду.

Белгилей кетсек, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы ар бир айдын башында КР Улуттук банкы тарабынан бекитилген доллардын расмий курсуна жараша тарифти бекитет. 1-майга карата доллардын расмий курсу 68,78 сомду түздү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү