Саибжан Турдуев Ош шаарынын  биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Автор -
401

Ош шаарынын  биринчи вице-мэри болуп Саибжан Турдуев дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

Өмүр баяны:

Саибжан Турдуев 1981-жыл 3-март Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү, Ош мамлекеттик институту «Юриспруденция» адистиги боюнча бүткөн, кесиби юрист.

2005-2013-ж.ж   Имекс-Транс-Юг ЖЧКсынын өндүрүш жетекчиси;

2013-ж бүгүнкү күнгө чейин  Асыл-Ай ЖЧКсынын өндүрүш жетекчиси;

2012-2016-ж.ж.  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты;

2013-2016-ж.ж   Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кенешинин төрагасы

2015-2016-ж.ж.  Ноокат райондук жергиликтүү кенешинин депутаттарынын кошмо жыйналышынын төрагасынын орун басары;

2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кенешинин депутаты;

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Бөлүшүү