Кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинге сот өкүм чыгарды

Автор -

Ош облустук соту кайненесинин башын кесип өлтүргөн келинди 24 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Спутник агенттиги облустук соттун маалымат катчысы Бекзат Осмонкуловко шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу келиндин эжесин облустук сот 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

«2018-жылдын 2-февралында Ош шаардык соту кайненесин мыкаачылык менен өлтүргөн 26 жаштагы У.А. аттуу келинди 20 жылга, кылмышка көмөктөшкөн 38 жаштагы Г.К. аттуу эжесин 4 жыл 6 айга эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарган», — деди Осмонкулов.

Шаардык соттун чечимине макул эместигин билдирген жабырлануучу — маркумдун уулу (айыпталган келиндин күйөөсү) Ош облустук сотуна кайрылган.

2017-жылы 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды салган контейнерден башы кесилген аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү деп маркумдун келини менен анын эжесин милиция кызматкерлери кармаган. Аялдын кесилген башы табылбай, башсыз денеси жерге берилген.

Белгилей кетсек, Ош шаарында баласын сабап, өлтүрүп койгон 24 жаштагы келин 13 жылга эркинен ажыратылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү