Өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылышына катышты

Автор -
204

Бүгүн, 7-майда премьер-министр Мухаммедкалык Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын модернизациялоодон кийинки имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы аталган иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи, анткени, Жалал-Абад облусунун авиакаттамын жакшыртуу маселеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келе жатат.

«Аталган мезгилде жарандар Бишкекке чейин анчалык коопсуз эмес жана белгилүү убакытты талап кылган унаа транспортунан пайдаланууга аргасыз болушкан», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өкмөт башчысы кезинде авиация тармагынын көйгөйлөрү активдүү талкууланып, аталган багыттагы чет элдик тажрыйбалар иликтенген.

«Менин пикиримде, облуста жаңы учуулар залынын ачылышы, жаңы авиакомпаниялардын келиши чоң жетишкендик болуп саналат. Акыркы кездерде өлкө аймактарындагы аэропортторду реконструкциялоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Авиациялык тармак Ата Мекендик экономикада өз ордун тапты», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, өлкөдөгү көйгөйлөрдүн көбү айыл жергесине туура келет, анткени, анда республиканын калкынын дээрлик 70% жашайт. Буга байланыштуу Президенттин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, айылдарды, райондорду жана облустарды өнүктүрүү боюнча чаралардын программасы бекитилген.

«Эгерде биздин айылдар өнүксө, анда аймактар жана бүтүндөй өлкө өнүгөт. Эгерде ар бир облуста авиакаттам жайгарылып, транспорттук тармак модернизацияланса, анда, менин пикиримде, республиканын экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым болот», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, авиакаттамдардын көбөйүп жаткан агымы өлкөнүн өнүгүүсүнөн жана жарандардын жашоо сапатынын жакшыруусунан кабар берет. Премьер-министр маалымдагандай, 2017-жылы 10950 ички авиакаттам катталып, бул 2016-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1944кө жогору саналат.

Мухаммедкалый Абылгазиев Премьер-министр кызматында атамекендик транспорттук тармакты, анын ичинде авиациялык тармакты өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулаарына ишендирип кетти. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тараптан мындан ары карай авиациялык тармакты өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлмөкчү.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы жаңы аэровокзалдык комплексти кыдырып чыгып, «Ош» жана «Баткен» эл аралык аэропортторун өнүктүрүү пландары менн таанышып, ошондой эле Кербен жана Исфана шаарларынын аэровокзалдарынын эскиздик долбоорлорун көрүп чыкты.