Бүгүн Бишкек-Ош аба каттамы боюнча учкан жүргүнчүлөр өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен чогуу учушту. Мындай кабар социалдык тармактарда пайда болуп, интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынды.
«Бүгүн Бишкек-Ош каттамы боюнча саат 07:30 чамасында учкан жүргүнчүлөр премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен чогу учушту. Ал иш сапары менен келиптир. Өкмөт башчы самолёттон 10 мүнөткө жетпей түшүп кетти»,-деп жазган Элвира Акимова аттуу фейсбук колдоонуучусу.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барган.