ЖКнын жыйынында Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алуу сунушталды

Автор -

Бүгүн, ЖКнын  жалпы жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия жумушунун жыйынтыгын чыгарат.

Депутат Исхак Масалиев  ЖЭБди жаңылоодогу шектүү жагдайлар адилеттүү иликтениши үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алууну сунуштады.

«Мындай чоң көлөмдөгү каражатты алууга президенттин гана эрки жетет. Ал ошол учурдагы каржы министрине карыз алуу боюнча сунуштама бергени баарына маалым. Бул ыйгарым укукту ашыкча пайдаланганынан кабар берет. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Бул келишимди түзүүдө Жогорку Кеңештин да салымы аз эмес. Мындай кадамдарды башкы прокуратура карап чыгышы керек», — деди Масалиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү