Ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына келишти

Автор -

17-августта түнкү саат 22:28 де кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына келишти.

Алгачкы каттамда 400 ажы сапар алып, алар ажылык амалдарын толук аткарып бүтүшүп, ыйык Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан өлкөбүздүн “Манас” эл аралык аэропортуна аман-эсен келип алышты.

Ажылардын тосуп алуу саамалыгына Кыргызстантан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын  даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев жана ажылардын жакын туугандары катышып, тосуп алышты.

17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргызстандык ажылар Жидда-Бишкек, Жидда-Ош жана Медина-Ош  багыттары боюнча Кыргызстанга кайтып келишмекчи. Жалпысынан 18 каттам уюштурулган.

Эскерте кетсек, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6010 квота бөлүп берген.

Бөлүшүү