Сапар Исаков УКМКдан чыкты, бирок сурак бүтө элек

Автор -

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-майда саат 10:00 чамасында УКМКга кирип, 3 сааттык сурактан чыкты.

«Тергөө так өттү, бир-эки нерсени тактап жатышат. Баары акыйкат чечим чыгарыш керек. Саат 14:30да кайра суракка келем», — деп билдирди Исаков.

Ал буга чейин, экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү таза иштегенин айткан.

Белгилей кетсек, 26-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылган. Ушул эле күнү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов  Сапар Исаковдун үстүнөн арыз жазган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү