Аксыда жаандын кесепетинен сел жүрүп, 20 турак үйдү каптады

Автор -
304

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кайрадан сел жүрүп, Кош-Дөбө, Ак-Жол айыл аймактарындагы 20 турак үйдү, жолдорду каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

«2018-жылдын 14-май күнү саат 16:00 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, ички чарбалык унаа жолдорду, Атана жана Бай-Кыштак айылдарындагы 20 турак үйдүн короосун суу каптаган. Жаңгак айылындагы 180 кожолукту тейлеген таза суу түтүкчөлөрүнүн айрым жерлерин сел жууп кетип, ичүүчү суу үзгүлтүккө учураган. Учурда тактоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Лейлек районунда жүргөн селден улам өзгөчө кырдаал киргизилген.