Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБ чуусу талкууланууда.
Жыйында депутат Алтынбек Жунус уулу менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ортосунда кайым айтышуу болду.
«Сиз «бул долбоорду илгерилетүүгө тийиштүү элек» деп жатасыз. Кечээ президентке маалымат иретинде гана кат бергенбиз дедиңиз. 2009-жылдан берки Кытай компанияларынын расмий эмес «крышасы» сиз болчусуз. «Мен бөлүм башчы болчумун, аппарат башчы болчумун, депутаттардан сурагыла» деп жатасыз. Бирок сиздин кабылдамаңызда өкмөт башчыга келген адамдардан да көп адам отурчу. Себеби сиз кытайлардын маселесин чеччүсүз»,-деди депутат Алтынбек Жунус уулу.
Ал эми Сапар Исаков: «Сиз «кытайлардын «крышасы» болчусуз» деп айтып жатасыз. Бул туура эмес. Сиз далилдеп айтыңыз. Биз келишимдерди алдыга жылдырышыбыз керек болчу. Бул милдетибиз эле. Өзүбүздүн кызматыбызды аткардык. Сиз баарын эле мага илип жатасыз. Кокустан жылын дагы адаштырып алдыңыз»-деп жооп кылды.