Шавкат Мирзиеев пара алган башкы прокурорду эл алдында кечирим суратат

Автор -
247

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров эл арасында «Сангород» деп аталган катаал режимдеги ооруканага жөнөтүлдү. Бул маалыматты анын үй-бүлө мүчөлөрү ырасташты.

Рашид Кадыров кан басымынын көтөрүлүп кетишине даттанып, эки жума мурун ооруканага дарыланууга жөнөтүлгөн.

19-майда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жакынкы 2-3 ай аралыгында мурдагы прокурор улуттук телеканал аркылуу күнөөсүн мойнуна алып, элден кечирим сурай турганын айткан.

«Учурда башкы прокурор өзүнүн тобу менен түрмөдө отурат. 2-3 айдан кийин мен аны бардык телеканалдардан сүйлөгүдөй кылам. Себеби ал бардык жерде коррупцияны жайылткан. Ар бир район прокурорунан 30-40 миң АКШ доллардан алып турган. Ал чыныгы ууру болгон. Ошондуктан прокуратура кызматкерлеринин 70 пайызы бошотулду. Мен ал жакка таза адамдарды дайындадым. Эгер кимдир бирөө сатып кете турган болсо, аларга да ушул ыкманы колдонобуз», – деген президент Шавкат Мирзияев.

Бул арада ИИМдеги булактар мурдагы прокурор Рашид Кадыров телеканалдар аркылуу эл алдына чыгып, кечирим суроого даяр экенин маалымдашты.

Быйыл 22-февралда кармалган Рашид Кадыровго карата кызмат абалын ашыкча пайдалануу, пара алуу жана опузалап акча талап кылуу беренелери боюнча айыптар тагылган.

Башкы прокуратураны 15 жыл жетектеген 66 жаштагы Рашид Кадыров 2015-жылы мартта кызматтан алынган. ИИМ анын уулу Алишер Кадыровду быйыл марттын башында эл аралык издөөгө жарыялаган. ​Ал опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери боюнча шектелүүдө.